Жаштар жана спорт министри Касапоглу Японияда

Расмий жолугушууларынын негизинде Японияга барган министр Касапоглу министр Хагиуда Койичи менен жолугушту.

1679195
Жаштар жана спорт министри Касапоглу Японияда

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу Япония билим берүү, маданият, спорт жана технология министри Хагиуда Койичи менен жолугушту.

Расмий жолугушууларынын негизинде Японияга барган министр Касапоглу министр Хагиуда Койичи менен жолугушту.

Токионун Касумигасеки аймагындагы Япония билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлигиндеги эки тараптуу жолугушуунун массалык маалыматтар каражаттарына ачык бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Касапоглу Токио 2020 олимпиадаларынан улам Японияда болуудан кубанчтуу экендигин айтты.

Түркия  - Япония карым  - катнаштарынын тарыхый негиздеринин бар экендигин белгилеген Касапоглу бул карым  - катнаштардын бекемдөө менен өнүгөрүн белгиледи.

Токио оюндарын өткөрүп жаткан Япониянын бардык спортчуларына ийгилик каалаган Касапоглу, Түркиядан 18  тармакта 108 спортчунун катышкандыгын айтты.

Түркия  -  Япония карым  - катнаштарын жаштар жана спорт тармактарында да өнүктүрүүнү каалагандарын белгилеген Касапоглу : «Билим берүү, маданият тармактарын да өзүнчө кароо мүмкүн эмес. Бул жерде бардык кызматташууга жана ылдамдыкты арттырууга даярбыз»,- деди.

Министр Хагиуда Койичи да Ковид  - 19дан улам бир жылга кечеңдетилген  турнирди бул жылы «Бүткүл дүйнө жана адамзат үчүн үмүт» деген темада ишке ашырышкандарын айтты.

Түрк командасы жана спортчуларына ийгилик каалаган Хагиуда Койичи : «Турнирдин бир гана бүткүл дүйнөдө көрүүгө боло турган спорттук иш  -  чара эмес, бардык кыйынчылыктарды бирдикте ашып өтүү үчүн көрсөтүлгөн кызматташтыкты даңазалаган иш  - чара болушун каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар