Президент Эрдоган сел жүргөн аймакка барды
Президент Р. Т. Эрдоган 6 адам каза болгон селден таасирленген Ризеде биринчи этапта 500 турак жай курушарын айтты.
Президент Р. Т. Эрдоган 6 адам каза болгон селден таасирленген Ризеде биринчи этапта 500 турак жай курушарын билдирди. Эрдоган катуу жамгыр жаашы менен бирге сел жүргөн Артвин жана Ризеде иликтөө жүргүзүү үчүн аймакка барды.
Ризенин Гүнейсу районунда жума намазынан кийин элге кайрылган Эрдоган селде 6 адамдын каза болгондугун, 5 адамдын жаракат алгандыгын жана дайынсыз жоголгон 2 адамды табуу үчүн аракет кылып жаткышкандарын айтты.
Эрдоган селде каза болгондорго Аллахтын ырайымын, тилеп, үй - бүлө жана жакындарына көңүл айтты.
Апаат кабары алынгандан тарта мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшагандыгын баса белгилеген Эрдоган Ризеде 328 изилдөө куткаруу кызматкери менен бирге 2 860 кызматкер жана 705 унаанын иштеп жаткандыгын, апааттан улам жабылган 426 жолдун баарынын транспортко ачылгандыгын, ичүүгө боло турган суу, энергетика жана коммуникацияда эч бир кыйынчылыктын болбогондугун айтты.
Селден зыян тарткандарга жардамдардын бериле баштагандыгын белгилеген президент Ризеде биринчи этапта 15 - июлда сел апаатынан таасирленгендер үчүн 550 турак жай курушарын билдирди.
Эрдоган : «Селден таасирленген ризелик, артвиндик бир туугандарыбыз тынчсызданбасын. Мамлекетибиз бардык мүмкүнчүлүктөрү менен алардын жанында»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Штайнмайер менен жолугушат
Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Штайнмайерди Президенттик комплексте тосуп алат.