Министр Курум Керри менен жолугушту

Мурат Курум  Түркиянын энергетикада орнотулган энергия күчүнүн 52 пайызынын жаңылоого боло турган энергия булактарынан тургандыгын жана өлкөнүн бул тармакта Европада 5 – орунда, дүйнөдө 12 -  орунда тургандыгын белгиледи.

1679028
Министр Курум Керри менен жолугушту

Экология жана шаарлаштыруу министри Мурат Курум  Түркиянын энергетикада орнотулган энергия күчүнүн 52 пайызынын жаңылоого боло турган энергия булактарынан тургандыгын жана өлкөнүн бул тармакта Европада 5 – орунда, дүйнөдө 12 -  орунда тургандыгын белгиледи.

Мурат Курум Италиянын Наполи шаарында Чоң жыйырмалардын экология менен климаттык жана энергетика министрлеринин жыйыны өткөрүлгөн тарыхый Параззо Реал сарайында АКШнын климат боюнча сүйлөшүүчүсү Жон Керри менен жолугушту.

Жолугушууда министр Курум Түркиянын Климаттык өзгөрүү кыймыл планын даярдагандарын, 14 беренелик кыймыл планын ишке ашырышкандарын, коргоого алынган аянттардын, жашыл аянттардын санын көбөйтүшкөндөрүн айтты.

Түркиянын парник газын кыскартуубоюнча убадаларынын бар экендигин белгилеген Курум, ушул кезге чейин убада кылынгандан да аз парник газы чыккандыгын айтты.

Курум президент Р. Т. Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын колдоосу астындажүргүзүлгөн «Таштандысыз жашоо» долбоорун ийгиликтүү жүргүзүп жаткандарын баса белгилеп, Түркиянын энергетикада орнотулган күчүнүн 52 пайызынын жаңыланууга боло турган энергетика булактарынан тургандыгын жана өлкөнүн бул мааниде Европада5 -орунда, дүйнөдө 12 -орунда тургандыгын айтты.

Париж келишминдеги 1, 5 градус максатынын аткарылышы керектигин айткан Керри да Парижде убада кылынган бардык нерсениаткарбагандарын, аткарышса да планетанын температурасынын 2,5 – 3 градуска жогорулай тургандыгын, Париж келишиминде берилген убадалар орундатылбагандыктан планетанын ысыктыгынын 4 градуска чыгуу корукунучу менен бетме-бет экендигин айтты.

Керри климаттык кризистин жаман кесепеттерин жоюу бүткүл дүйнөнүн милдети экендигин айтып : «Чоң жыйырмалардын күчтүү билдирүү менен чыгуулары абдан маанилүү»,- деди. Керри Ризеде селден улам каза болгондор үчүн Түркияга көңүл айтты.



Тектеш кабарлар