Тышкы иштер министрлигинин катчысы Билгич Европа Биримдигин айыптады
Билгич маалыматында Европа Биримдигин Кипрдеги чындыктарды көрүүгө жана «Кипр түрктөрүн жана мыйзамдарын жок деп санаган саясатын токтотууга» чакырды.
Түркия Европа Биримдигин Кипр тууралуу чындыктардан алыс болуу менен айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич Европа Биримдигинин тышкы карым- катнаштар жана коопсуздук саясаттар боюнча жогорку өкүлү жана Европа Комиссиясынын төрага орун басары Жосеф Бореллдин президент Р. Т. Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасы ТКТРга жасаган сапарынан кийин билдирген маалыматы тууралуу : «Маалымат Европа Биримдигинин Кипр тууралуу чындыктардан канчалык алыс экендигинин жаңы бир далили»,- деди.
Түркиянын ТКТРсына Мараш тууралуу чыгарган чечимдерин толук колдогондугун баса белгилеген Билгич : «Бул чечимдер Марашта мал- мүлк ээлеринин да мыйзамдарын коргоого карата. Урматтуу президентибиз да белгилегендей, бул чечимдержаңы нааразычылыктарды жаратпайт бирок эски нааразычылыктарды жок кылат»,- деди.
Билгич маалыматында Европа Биримдигин Кипрдеги чындыктарды көрүүгө жана «Кипр түрктөрүн жана мыйзамдарын жок деп санаган саясатын токтотууга» чакырды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.