Президент Р. Т. Эрдоган ТКТРда жаштар менен жолугушту

Президент Р. Т. Эрдоган Түндүк Кипр түрк Республикасындагы жаштарга ар дайым жандарында боло тургандарын айтты.

1678093
Президент Р. Т. Эрдоган ТКТРда жаштар менен жолугушту
erdogan kktc gencler1.jpg
erdogan kktc gencler.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жаштарга ар дайым жандарында боло тургандарын айтты.

Президент Эрдоган ТКТРна карата расмий сапарынын негизинде Лефкошадагы Чоң кербен сарайда  жаштар менен жолугушту.

Эрдоган сөзүндө жаштардын ыйман менен, тажрыйба менен энергия менен жана чечкиндүүлүк менен Түркияны жана ТКТРсын максаттарына жеткирерин белгилеп : «Кипрдеги ар бир күрөшүбүздө кечээ кандай жаныңарда болгон болсок, бүгүн да  эртең да жаныңарда болобуз. Буюрса бул күрөш, байрак катары  өткөрүп алган бул байрак, силер өткөрүп алганда кудум чоң жана күчтүү Түркия сыяктуу күчтүү ТКТРсынын да курулушун толуктап бүтүрөсүңөр»,- деди.

Түркиянын Кипрде эч кимдин укугуна, мыйзамына, мал – мүлкүндө, келечегинде көзү жок экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Биз бир гана өз укугубузду коргоонун, өз келечегибизди куруунун аракетиндебиз. Дайыма убадасынан кайткандарды,  эркелик кылгандарды коргоп, колдогондор акырында бул жердеги жакшы позицияны көрүп, аларды кабыл алышат жана эмне керек болсо аткарышат. Мына ошол күнгө чейин укуктарыбызды алуу үчүн дайыма бирдикте, токтобостон, эс албастан иштейбиз, күрөшөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар