Эрдоган : "Кипр түрк мамлекетинин кенен түрдө таанытылышы үчүн бардык аракеттерибизди жумшайбыз"

Эрдоган өзгөчө : «Өлкөбүздүн адамдык ресурстарын, айрыкча жаштарыбызды эң натыйжалуу пайдалануу үчүн бардык мекемелерибиз менен катуу иштеп жатабыз»,- деди.

1678390
Эрдоган : "Кипр түрк мамлекетинин кенен түрдө таанытылышы үчүн бардык аракеттерибизди  жумшайбыз"

Президент Р. Т. Эрдоган Кипр түрк мамлекетин эң кыска убакытта кенен таанытуу үчүн бардык аракеттерди жумшай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын уюмдары менен видеоконференция аркылуу майрамдашкан программасында сөз сүйлөдү. Сөзүндө Кипр маселесине токтолгон Эрдоган : «Кечээ жана андан мурунку күнү арапа күнүнөн баштап майрам күнү кечки сааттарга чейин Кипрда  өткөргөн программалар абдан маанилүү эле. Эми Кипр түрктөрүнүн эл аралык сүйлөшүүлөрдө столдогу бир гана талабы эгемендүү мамлекет статустарынын таанылышы. Мунун тышындагы бардык сунуштар күчүн жоготту»,- деди.

«Кипр түрк мамлекетин эң кыска убакытта кенен түрдө таанытуу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз»,- деген Эрдоган : «Аралдагы 2 күндүк сапарыбызда кипрдык боордошторубуздун бул тууралуу чечкиндүү экендигин көрдүк»,- деди.

Эрдоган Ковид  - 19 эпидемиясынын түрдүү өлкөлөрдө жаңы варианттар менен жогорулоого өтсө да Түркиянын азырынча бул коркутуунун чеңгелине түшпөгөндүгүн да айтты.

Эрдоган өзгөчө : «Өлкөбүздүн адамдык ресурстарын, айрыкча жаштарыбызды эң натыйжалуу пайдалануу үчүн бардык мекемелерибиз менен катуу иштеп жатабыз»,- деди.  



Тектеш кабарлар