Эрдоган : "Бизге баш калкалаган Аллахтын пенделерин канкорлордун колуна таштай албайбыз"

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган сапарынын акырында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1678443
Эрдоган : "Бизге баш калкалаган Аллахтын пенделерин канкорлордун колуна таштай албайбыз"

Президент Р. Т. Эрдоган : «Биз бул өлкөдө бийликте турганда бизге баш калкалаган Аллахтын пенделерин канкорлордун кучагына таштабайбыз»,- деди.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган сапарынын акырында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сириялыктар жашап жаткан чатырларды көргөндөрүн, алар үчүн брикет үйлөрдү курушкандарын айткан Эрдоган, максаттын биринчи этапта 100 000 брикет үй экендигин, 50 000ге жакын үйдүн бүткөрүлгөндүгүн айтты.

Эрдоган бул жерлерге баш калкалоочулардын бир бөлүгүн жайгаштырууну каалагандарын, мунун адамзаттык, абийирдик жана исламдык бир мамиле экендигин белгиледи.

Президент  Эрдоган Кипр маселеси боюнча,  эки мамлекеттин ортосунда сүйлөшүүлөрдүн убактысы келгенин белгилеп, Кипрдик түрктөр ээ болгон укуктарына кепилдик берилбей туруп баштала турган сүйлөшүү процесси ийгиликсиз аяктаарын айтты.

"Мараш демилгесинин экинчи этабын ишке ашырдык",- деген  Эрдоган бардык кадамдар ачык-айкын жана эл аралык укуктун негизинде жасалгандыгын баса белгилеп: "Аралда эки элге тең пайда алып келе турган бул демилгенин кара пропаганда куралы катары колдонулушу бекер. Нааразычылыктарды жок кылуу үчүн жолго чыккан Кипр түрк бийлигин колдогонду улантабыз."

Сүйлөшүүлөрдүн эки жамааттын ортосунда эмес, эки мамлекеттин ортосунда жүргүзүүнүн мезгили келгенин белгилеген президент Эрдоган, Грециянын премьер-министри Кириакос Мичотакиске да каршылык көрсөттү.

Эрдоган  : «Мен ага мындан ары үчүнчү өлкөнү, төртүнчү өлкөнү арабызга алуунун мааниси жок, Сснин бир кеңешчиң бар, менин бир кеңешчим бар. Алар өз араларында сүйлөшүү өткөрсүн, бизге жыйынтыкты алып келишсин. Макулбузбу. Макулбуз. Бир ай боло элек,  биздин бул жердеги сүйлөшүүбүздөн кийин барып Америкада канча түрк душманы бар болсо алардын баарын жаныңа чогулт?»

Эрдоган : «БУУ жана Европа Биримдигиндеги өкүлчүлүктөн кийин  Кипр рум бөлүгүн аралдын бир гана ээси сыяктуу НАТОго мүчө кылуу ыктымалдардын арасында көрөсүзбү? Эгерде ушундай бир абал боло турган болсо Түркиянын буга бере турган жообу эмне болот?»,- деген суроого : «НАТОнун өз келишимине караганыбызда бул жерде биз оң жооп бермейинче Түштүк Кипрдын НАТОго кириши мүмкүн эмес. Муну Греция үчүн кылышты бирок азыркы учурда мындай бир абал сөз боло албайт. Анткени эми Грецияны НАТОго мүчө кылган убактагыдай өкмөт Түркияда жок. Эми биз барбыз. Биз болгонубуз үчүн да Түштүк Кипрды эч качан ала алышпайт. Бул жерде Түркияны айланып өтүү мүмкүн болбогондуктан Түштүк Кипрды алышы да мүмкүн эмес»,- деп жооп берди.

Эрдоган Франциянын президенти Еммануэль Макрондун ПКК террордук уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГнин өкүлдөрү менен жолугушуусуна каршылык көрсөтүп : «Макрон бир тараптан мени менен жакшы мамиледе болууну каалап жата. Эми бири бирибизди кыйнабайлы дейт. Бирок бир тараптан да арадан бир канча күн өткөндөн кийин ПККнын, ЙПГнин уландылары менен бирге кадам таштап жатат. Алар учурда  ансыз да коалиция күчтөрүндө Америка менен бирге. Америка менен коалиция күчтөрүндө бирге болушканы үчүн Ирактан Сирияга өтүп жатышат. Сирия тарабына өтүү менен бул жерде террористтерге олуттуу мааниде колдоо беришүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар