Турковак - Короновак 3 - доза клиникалык сыноолору башталды

Фахреттин Кожа ыктыярдуулардын телефон чалып кайрыла алышарын белгиледи.

1676384
Турковак -  Короновак 3 -  доза клиникалык сыноолору башталды

Ковид  - 19га каршы ата мекендик мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган  Турковак – Коронавак вакцинасынын 3 -  доза клиникалык сыноосу  Анкара оорукана шаарчасында башталды.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа соцтармактан берген билдирүүсүндө : «Турковак -  Короновак 3 -  доза клиникалык сыноо Анкара оорукана шаарчасында башталды. Сынакка 2 доза Синовак алып, 2 -  дозадан 90 күн өткөн 18 – 59  жаш арасындагы ыктыярдуулар катышууда.  Ата мекендик вакцинанын натыйжаланышына колдоо көрсөтүү үчүн астыңкы кабаттагы вакцинациялоого күтүбүз»,- деди.

Фахреттин Кожа ыктыярдуулардын телефон чалып кайрыла алышарын белгиледи.



Тектеш кабарлар