Президент Р. Т. Эрдогандын 15 - Июль тууралуу улутка кайрылуусу
"Элибиз окшошу болбогон чыккынчылыкты эстеген сайын өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жана келечеги үчүн күрөшө берет".
"Элибиз окшошу болбогон чыккынчылыкты эстеген сайын өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жана келечеги үчүн күрөшө берет".
Президент Эрдоган 15-июль төңкөрүш кыймылынын беш жылдыгында элге кайрылып: «2016-жылдын 15-июль жума күнү кечинде башталып, эртеси күнү элибиздин жапатырмак каршы чыгуусу менен бастырылган бул төңкөрүш аракети сабак алына турган окуя катары тарыхыбыздан орун алды. Мындан ары элибиз бул чыккынчылыкты эстеген сайын, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жана келечеги үчүн өмүр бою күрөшө берет", - деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, 15-июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүн эскерүү иш - чарасынын алкагында президенттик комплекстен элге кайрылуу жасады.
Коомчулукка түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн кайрылуусунда президент Эрдоган төмөнкүлөрдү айтты:
«Урматтуу элим, силерге чын жүрөктөн чыккан сезимим жана сүйүүм менен салам айтамын. Бүгүн мамлекетибиз менен улуттук турмушубузга наамарттык менен кол салган ички душмандарга карата аесуз каршылык көрсөтүлгөн теңдешсиз күрөшүбүздүн бешинчи жылындабыз. Сөзүмдү ошол түнү «Бедрдин арстандарындай ураан чакырып» күрөшүп жатып, гүл бакчасына кирип бараткан сымал өлүмгө тике карап курман болгон 251 шейитибизге Аллахтын ырайымын тилөө менен баштагым келет.
Ар бири өзгөчө жана өзүнчө баатырдык көрсөтүп жан берген шейиттерибиз, "Көмөлү кел сени, тарыхка" десек тарых барактарына сыйбас каармандыктары менен ушул улут үчүн кепин бычкандарга эрдиктери менен татыктуу сабак беришти. Пайгамбарыбыздан кийин эң ардактуу макамга - Алланын алдындагы эң жогорку даражага жеткен шейиттерибиздин алдындагы карызыбызды алардын аманаттарын коргоо менен кайтарууга аракет кылып жатабыз.
“ӨЛКӨБҮЗГӨ ЖАНА ЭЛИБИЗГЕ КАРШЫ ЧЫККЫНЧЫЛЫКТЫ ЭЧ КАЧАН УНУТПАЙБЫЗ”
Эркектер жана аялдар, жаштар менен карылар, окуучу, студенттер жана мугалимдер, ишкерлер жана жумушчулар, мамлекеттик кызматчылар жана жеке иш ээлери - айтор ар кандай курак, ар кандай кесип жана ар кандай тармактагы жарандарыбыз... "Өз денелери менен бул кыянатчыл төңкөрүшчүлөргө бөгөт коюп", көчөлөрдө жана аянттарда кайсыл гана жерде болбосун алардын жолун тороп, керек болсо аларды кубалап, колго түшүрүп, ата энеси, бала - чакасы жана жеке керт баштарынан айрылып калаарына карабастан күрөшүп тирүү калган ардагерлерге -күрөштүн ардагерлерине жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем.
Акка гана моюн сунган элибиздин көз карандысыздыкка болгон сүйүүсү, желегибиздин эркиндикте желбиреп турушу, өлкөбүздүн үстүнөн түбөлүккө чакырып турган азаныбыздын үнү биздин күбөлөрүбүз болсун; Өлкөбүзгө жана элибизге жасалган чыккынчылыкты эч качан унутпайбыз. Бул кыянаттыктын жазасын кармалган жана аныкталган бардык чыккынчыларга бердик жана бере бермекчибиз. Аркы дүйнөдө да биз ушул шайтандын жолдошторунун жакасына жабышып, кыямат күнүндө да артынан калбай аларды куугунтукка алабыз.
Урматтуу элим, 2016-жылы 15-июль, жума күнү кечинде башталып, эртеси күнү аяктаган, элибиздин алдында жеңилүүгө учураган төңкөрүш аракети сабак алына турган окуя катары тарыхыбыздан өз ордун алды. Мындан ары элибиз болуп көрбөгөндөй бул чыккынчылыкты эстеп, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жана келечеги үчүн өмүр бою күрөшө берет.
Албетте, өлкөбүз Республика болуп жарыялангандан берки тарыхында көптөгөн төңкөрүштөргө, төңкөрүш аракеттерине жана террордук кол салууларга дуушар болгон. Бирок ошол түнү болгон окуя бизге өз мамлекетине, өз элине мылтык кезеп, күнөөсүз адамдардын канын төккөн чыккынчылардын кантип дүйнөдөгү эң аянычтуу макулуктарга айланып кетерин көрсөттү.
Чындыгында, элдерди улутка айландырган элементтердин бири - алардын тарыхындагы азап, жан жана кан менен жуурулган ушундай жеңиштер. Миң жылдык мекенибиз тикенсиз гүл бакчасы эмес экендигин билебиз жана дээрлик ар бир күнүбүздү күрөш менен өткөрүп келебиз. Биз дүйнөнүн ар бир өлкөсүнүн жана коомунун сүйүктүү аймагын миң жыл бою мекенине айландырып, сактап калуунун беделин төлөп жатабыз. Акыркы эки кылымда биздин жакын чөйрөбүздө эмне болуп жаткандыгын көргөнүбүздө, төлөнгөн беделдин натыйжасы катары биримдигибизди, тилектештигибизди, бир туугандыгыбызды, мамлекетибизди жана келечегибизди сактап калганыбыз чындык.
«ЧОҢ БИР ЦИВИЛИЗАЦИЯ ЖАНА ТАРЫХТЫН МУРАСЫНА ЭЭ ЭКЕНИБИЗДИ ТҮШҮНҮШПӨЙТ»
Артта калган сегиз жылда түрдүү көрүнүштөрдүн астында болгон кол салуулар, мекенибизге ээ чыгуу күрөшүбүздүн улантыларынан кабар берет.
ПККсынан ДЕАШына жана ФЕТӨсүнө чейин бардык террордук уюмдар аркылуу жүгүртүүгө киргизилген сценарийлердин максаты ; өлкөбүзгө тизе бүктүрүү, элибизди кул кылып, жерибизди талап тоноо. Орун алган ар бир эл аралык платформада көрсөтүлгөн кош стандарт Түркияга каршы ошол эле сценарийдин бир бөлүгү.
Миңдеген, оң миңдеген километр ары жактан террор менен күрөшүү шылтагы менен келип; көңүл географиябызды канга жана көз жашына булагандар, миллиондогон адамдын келечегин жок кылгандар Түркия менен бир тагдырды бөлүшө албагандыктан кыжырданууда. Өз коопсуздук жана ыңгайлуулугу үчүн өлкөбүздү калкан катары колдонгонун ойлогондор, негизинен биздин чоң бир цивилизация жана тарых мурасына ээ чыкканыбызды түшүнбөй жатышат жана түшүнө алышпайт. Аймагыбызда тынчтыкты, бейкуттукту, туруктуулукту, коопсуздукту түзүү үчүн көрсөткөн аракеттерибиз негизинен чоң жана күчтүү Түркиянын жолунда барган сайын күч алган ойгонуунун үнү.
Гези окуялары менен социалдык жараңка пайда кылууга аракет кылгандар негизинен биздин биригүүбүзгө өбөлгө түзгөндүгүн көрө алган жок. Төңкөрүш кыймылы менен улуттун эркин жок кылуу менен мамлекетибизди алууну каалагандар, миңдеген жылдык салттын акыркы алкагын дагы да бекемдегендигин байкаган жок. Террордук уюмдарды колдонуп жерибизди коркуткандар, бул кылгандары менен негизинен бир туугандыгыбызды бекемдегенин түшүнө алган жок.
«ЧОҢ ЖАНА КҮЧТҮҮ ТҮРКИЯНЫН КУРУЛУШУНА ТОСКООЛ БОЛО АЛЫШПАЙТ»
Чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө карай кеткен бардык багыттарда өлкөбүздү терең тарыхый жана маданий карым - катнаштарга ээ болгон аймактардан алыстатууга аракет кылгандар, дагы да бекем карым - катнаш куруубузга себеп болгондорун билбей жатат. Биздин бир гана жалпы адамзаттын атынан билдирип келген адилеттик жана акыйкаттык боюнча талаптарыбызды өздөрүнүкү сыяктуу саясий эки жүздүүлүк деп баалагандар, эзилгендердин үнү, деми, үмүтү болгонубуздун сырын түшүнө алышкан жок. Кудум 15 - июль күнү кечинде улутубуздун куралсыз эң заманбап аскердик унааларды кантип токтоткондугун түшүнбөгөндөй эле, өлкөбүздүн башка жагдайлардагы позициясынын себебин да аныктай алышкан жок.
Биз өзүбүз үчүн эмне каалаган болсок аймагыбыз үчүн бардык досторубуз үчүн бардык адамзат үчүн да ошонун баарын каалайбыз. Муну башка ниетибизди жашыруу үчүн эмес, чын жүркөткөн аткарганыбыз үчүн кай жерге барсак баралы бизди кабыл алып, баалап жатышат. Кечээ Сирияда муну аткардык, Ливияда да, Карабахта да муну аткардык. Эртең буйруса Афганистанда күчтүү позициябыз менен боордошторубуздун жанында болобуз.
15 - июль бир гана өлкөбүздө өз эркиндигибизге жана келечегибизге ээ чыгуунун эле эмес, ошол эле учурда бул чоң көз караштын да символу. Албетте ар бир жагдайда болгондой бул чындык да көрүүнү каалаган көздөр, угууну каалаган кулактар, сүйлөшүүнү каалаган тилдер, түшүнүүнү каалаган аң - сезим, кубаныч менен согууну каалаган жүрөктөр, үмүт менен жашоону каалаган көңүлдөр үчүн айтылат.
Элибиз бизди түшүнүп жана бизге багыт көрсөтүүдө. Биз менен бирге басууда. Мына ушул үчүн өлкөбүздү туткунга алууну көздөгөндөргө бир кылым мурун болгондой «Түркия жеңилбейт» деп айта алабыз. Мына ушул үчүн элибизге каршы тымызын иш жүргүзгөндөргө «ийгиликтүү боло албайсыңар» деп айтып жатабыз. Кечээ муну ишке ашыра алышкан жок, бүгүн ийгиликтүү болушкан жок, эртең да ийгиликтүү боло алышпайт. Чоң жана күчтүү Түркиянын курулушуна тоскоол боло алышпайт.
«БИЗДИН ЖОЛДОШУБУЗ ЭЛИБИЗ»
Ким ким менен бирге басууну кааласа бассын. Биздин жолдошубуз элибиз. Биздин жолдошубуз Малазгирттен Стамбулдун каратылышына, Чанаккаледен Эркиндик согушуна, Кипр кыймылынан 15 - июлга чейинки бардык шейиттерибиз. Биздин жолдошубуз ардагерлерибиз. Биздин жолдошубуз ак сакалдуу аталарыбыз, ак жоолукчан энелерибиздин көз жашы менен кылган дуалары. Биздин жолдошубуз дүйнөнүн ар тарабындагы эзилгендердин үмүтү. Биздин жолдошубуз өздөрү жана өлкөсү үчүн толкунданган, 2053 – жылга максат койгон жаштарыбыз, балдарыбыз.
«Мага рычаг бергиле дүйнөнү ордунан жылдырайын»,- деп Архимед айткандай биз да бул эл менен дүйнөнү ордунан жылдырып, ааламга үнүбүздү угузабыз. Раббим бизге жардам берсин.
Раббим бизди мындан кийин 15 - июль сыяктуу кыянаттык менен сынабасын. Раббим өлкөбүздү жана элибизди корусун. Раббим ар бир ишибизди жеңилдетип, аракеттерибизди максатына жеткирсин.
Бул ойлор менен сөзүмдү акырына чыгарып жатып шейшемби күнү баштала турган Курман айт майрамыбыз менен азыртадан куттуктаймын. Раббимден бул ыйык күндөрдүн урматына элибизди, мусулмандарды жана бардык адамзатты бакубатчылыкка жеткиришин каалаймын. Баарыңыздарга урматым менен. Саламатта болуңуздар.»
Тектеш кабарлар
Германиянын президенти Түркияга келет
Германиянын президенти Франк - Вальтер Штайнмайер 22 - 24 - апрель күндөрү Түркияга келет.