Коммуникация башкармалыгы 15 - Июль шейиттерине арналган жарнама жарыялады
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жарнаманы социалдык медиада жарыялады.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан 15 – Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнөн улам 15 - Июль шейиттерине арналган «Сиздердин жардамыңыздар менен» деген темада жарнама жарыяланды.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жарнаманы социалдык медиа эсебинен эркиндик маршынын : "Бул менин укугум, менин желегимдин эркиндиги эркин жашаган; бул Кудайга сыйынган менин улутумдун укугу, көзкарандысыздыгы",- деген саптары менен бөлүштү.
Президент Р. Т. Эрдогандын өз үнү менен окуган : «Мамлекетине, демократиясына, келечегине ээ чыккан улутумдун ар бир мүчөсүнө салам болсун»,- деген сөздөрү орун алган жарнаманын акырында «Чанаккаледен 15 - Июлга чейин өмүрүн курмандыкка чалып бул мекенди коргогон бардык шейиттерибизге жана ардагерлерибизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз" жана "Түркия жеңилбейт" деген билдирүүлөргө орун берилди.