Тышкы иштер министри Чавушоглу Самад Сейидовду кабыл алды

Мевлүт Чавушоглу твиттерден : «Шуша билдирүүсү менен бир туугандык байланыштарыбыз бардык тармакта дагы да бекемделүүдө»,- деп билдирди.

1675057
Тышкы иштер министри Чавушоглу Самад Сейидовду кабыл алды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжан улуттук парламентинин тышкы карым  - катнаштар жана парламенттер аралык карым  - катнаштар комитетинин төрагасы Самад Сейидов менен жолугушту.

Борбор шаар Анкарага келген Сейидов  жана коштоосундагы делегацияны кабыл алгандыгына байланыштуу твиттерден маалымат берген Чавушоглу : «Шуша билдирүүсү менен бир туугандык байланыштарыбыз бардык тармакта дагы да бекемделүүдө»,- деди.

Чавушоглу жана Сейидов жолугушуусуна Түркия Улуттук парламентинин тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Акиф Чагатай Кылыч да катышты.



Тектеш кабарлар