Түркия Грецияны сынга алды

Түркия Грециянын Олимпиакос футболдук командасы менен даярдык оюну үчүн Афинага барган Галатасарай футболдук командасына карата жасалган мамилени сынга алды

1674485
Түркия Грецияны сынга алды

 

Түркия Грециянын Олимпиакос футболдук командасы менен даярдык оюну үчүн Афинага барган Галатасарай футболдук командасына карата жасалган мамилени сынга алды.

Бул тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берген тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич Галатасарай футболдук командасынын 13 -июль күнү кечинде Грециянын Олимпиакос командасы менен ойноо үчүн Афинага баргандыгын белгилеп : «Командабыздын жасаткан ПЦР анализдеринин жараксыз болушу жана бардык команданын кайрадан анализден өтүшү керектигин айтуу этикадан жана жакшы ниеттен алыс»,- деди.

Билгич бул жасалган начар мамиледен улам Галатасарай командасынын Грецияга кирбестен Түркияга кайкандыгын белгилеп : «Грециянын өлкөбүздүн алдыңкы командаларынын бирөөсүнө мындай мамиле кылышы, спорт тармагында да өлкөбүзгө карата чыдамсыздыгын көрсөтүүдө»,- деди.

Олимпиакос менен ойной турган даярдык оюну үчүн Грецияга барган Галатасарай футболдук командасы грек жетекчилеринин Ковид- 19анализдерин кабыл албашы жана кылган одоно мамилесине каршылык катары өлкөгө кайтуу чечимин чыгарды.



Тектеш кабарлар