Саламаттыкты сактоо министри "Дельта" жана төртүнчү толкун тууралуу эскертти

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркияда чыккан Ковид – 19 вирусунун «Дельта» варианты акырындык менен көбөйүп бара жаткандыгын баса белгиледи.

1674711
Саламаттыкты сактоо министри "Дельта" жана төртүнчү толкун тууралуу эскертти

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркияда чыккан Ковид – 19 вирусунун «Дельта» варианты акырындык менен көбөйүп бара жаткандыгын баса белгилеп : «750гө жети, облус саны да 36га чыкты. Delta Plus 3 облуста 3 бейтап менен уланууда»,- деди.

Министр Кожа кечээ өткөн Президенттик Кабинет жыйынынан кийин берилген суроолорго жооп берди.

Түркияда вакцинациялоонун болгон ылдамдыгы менен улантылып жаткандыгын айткан Кожа айрым өлкөлөрдө чыккан, эпидемиянын төртүнчү толкуну тууралуу : «Азыркы учур үчүн төртүнчү толкун деген нерсе жок. Бирок болбойт деген мааниге да келбейт. Вакцинациялоо жана коомдук иммунитеттин пайда болушу төртүнчү толкунду алдына алышы мүмкүн. Коомдук иммунитет 70 пайыз ал түгүл 80 пайыздык катнашта пайда болгондо эпидемия бүтөт же азаят, жок дегенде турмуш калыбына келет»,- деди.

Фахреттин Кожа Россиядан ушул кезге чейин 400 000 доза келген Sputnik V вакцинасы туралуу : «Көпкө созулбайт. Майрамдан кийин уландысынын келишин күтүп жатабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар