Мустафа Шентоп Черногорияны Улуттук Күнү менен куттуктады

Түркия Улуттук Парламентинен берилген маалыматка караганда Шентоп Черногория парламентинин спикери Алекса Бежижке кат жиберди.

1674783
Мустафа Шентоп Черногорияны Улуттук Күнү менен куттуктады

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шеноп Черногорияны Улуттук Күнү менен куттуктады.

Түркия Улуттук Парламентинен берилген маалыматка караганда Шентоп Черногория парламентинин спикери Алекса Бежижке жиберген катта буларга орун берди : «Черногория Улуттук Күнүнөн улам дос жана боордош Черногория калкын түрк улуту жана жеке атыман чын жүрөктөн куттуктаймын. Түштүк Чыгыш Европа Кызматташуусу Процессинин Парламентарлар Ассамблеясынын 8 -Башкы Ассамблеясынын негизинде Антальядаөткөргөн түшүмдүү жолугушууда да айтканыбыздай Түркия менен Черногориянын ортосундагы тарыхый, маданий жана орток нарктарга таянган достук карым- катнаштарыбыздын жана парламенттарибиздин ортосундагы жакын кызматташуунун алдыбыздагы мезгилде ар тармакта дагы да өнүктүрүлүшү үчүн аракет кылууну улантабыз. Бул сезим жана ойлор менен дос жана боордош Черногория калкына тынчтык, бакубатчылык, сизге жана Черногория парламентинин мүчөлөрүнө ийгилик каалаймын».



Тектеш кабарлар