Президент Эрдоган Түркия жаштар саммитинде сөз сүйлөдү

Р. Т. Эрдоган  : «Европадан Канадага чейин ар бир мүмкүнчүлүктө адам укуктары, демократия жана эркиндик жөнүндө кеңеш бергендердин тарыхындагы уялтуучу тактары ​​биринин артынан бири ачылууда»,- деди.

1674140
Президент Эрдоган Түркия жаштар саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган  : «Европадан Канадага чейин ар бир мүмкүнчүлүктө адам укуктары, демократия жана эркиндик жөнүндө кеңеш бергендердин тарыхындагы уялтуучу тактары ​​биринин артынан бири ачылууда»,- деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Бештепе улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн Түркия жаштар саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Сребреница кыргынынын 26 жылдыгына арналган эскерүү аземине токтолуп : «Кечээ 26 жылдыгын эскерген Сребреница кыргынында шейит болгон бошняк боордошторума Аллахтын ырайымын тилеймин»,- деди.

Европанын ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун көз алдында жасалган бул кыргын адамзаттын тарыхында кара так болуп калгандыгын билдирген Эрдоган: «Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 8 372 боордошубуздун жаралары жүрөгүбүздөгү айыкпас дарт болууну  улантууда.  Ар бир массалык мүрзөнүн ачылышы менен биздин кайгыбыз кайрадан жаңырууда. Бул мүрзөлөр кыргынды унутпоо, унутуп калбоо милдетибизди эсибизге салууда.  Дагы бир жолу ушуга окшогон кайгыны жашабоо, батыштын кыргын чындыгы менен беттешиши үчүн буну аткарууга мажбурбуз. Европасынан Канадасына чейин ар мүмкүнчүлүктө бизге адам укуктары, демократия, эркиндик жөнүндө кеңеш бергендердин тарыхындагы уялтуучу тактары ​​биринин артынан бири ачылууда»,- деди.



Тектеш кабарлар