Түркия мамлекети Сребреница геноцидин унуткан жок

Вице-президент Фуат Октай жана Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европада Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийинки адамзаттын эң чоң трагедиясы катары мүнөздөлгөн Сребреница Геноцидинин 26 жылдыгында геноцид курмандыктарын эскерди.

1673472
Түркия мамлекети Сребреница геноцидин унуткан жок
cavusoglu.jpg

Вице-президент Фуат Октай жакынкы убакта Европада адамзаттын эң чоң трагедиясы деп мүнөздөлгөн Сребреница геноцидинин 26 жылдыгында геноциддин курмандыктарын эскерди.

Октай социалдык медиа эсебинде (Көзкарандысыз Босния жана Герцеговинанын биринчи Президенти) Алия Иззетбеговичтин: «Кандай гана иш кылбагыла, геноцидди унутпагыла. Себеби унутулган геноцид кайталанат» деген сөздү эске салып, «Сребреница геноцидинин 26 жылдыгында, шейит болгон 8372 босниялык боордошторубузду боорукерлик менен эскерем. Жаткан жерлери жайлуу болсун»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европада Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийинки адамзаттын эң чоң трагедиясы катары мүнөздөлгөн Сребреница Геноцидинин 26 жылдыгында геноцид курмандыктарын эскерди.

Чавушоглу өзүнүн Твиттер эсебинде, «Адамзат тарыхындагы кара так болгон Сребреница Геноцидинин 26 жылдыгында ушул куугунтуктоодо шейит кеткендерге Аллахтын ырайымын, үй-бүлөлөрүнө жана босниялык боордошторубузга сабырдуулук каалайм», сөз айкаштарын колдонгон.

Министр Чавушоглу бөлүшкөн сүрөттө: «Сребреница Геноциди, биз унуткан жокпуз, унутпайбыз»,деген билдирүүлөр камтылган.

1995-жылы 11-июлда Ратко Младичтин командачылыгы астында Серб аскерлери Босния жана Герцеговинада Сребреницаны басып алгандан кийин, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) курамындагы голландиялык аскерлерге баш калкалаган жарандык босняктар сербдерге өткөрүлүп берилген.

Аялдар менен балдардын Босния аскерлери көзөмөлдөгөн аймакка баруусуна уруксат берген сербдер токойлуу аймактарда, фабрикаларда жана кампаларда кеминде 8372 босняк эркекти кырып салышты. Өлтүрүлгөн босниялыктар тобу менен мүрзөлөргө көмүлгөн.



Тектеш кабарлар