ТИКАдан Азербайжанга жана Босния-Герцеговинага колдоо

ТИКА өз долбоорлоруна жаңысын кошту.

1673083
ТИКАдан Азербайжанга жана Босния-Герцеговинага колдоо
tika serdar cam bosna hersek.jpg
tika azerbaycan egitim binasi.jpg

Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги (ТИКА) Азербайжандагы долбоорлоруна жаңысын кошту.

ТИКАнын төрагасы Серкан Каялардын катышуусунда борбор шаар Бакуда Азербайжандын иммиграциялык кызматтар боюнча билим берүү имараты ачылды.

Тейлөө шаарчасында жайгашкан жана чет элдиктерди кабыл алуу үчүн колдонулган имаратты оңдоо жана иретке келтирүү иштери ТИКА тарабынан жүргүзүлдү. Сыйымдуулугу кеңейтилип, жаңы көрүнүшкө ээ болгон окууту борбору компьютердик жана электрондук шаймандар менен жабдылды.

ТИКАнын башчысы Серкан Каялар жаңы кызматташтыктар боюнча да макулдашууга жетишкендерин билдирди.

Бакудагы бул имарат, 30дан ашуун катышуучуга бир эле мезгилде билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам да Сребреница геноцидинин курмандыктарын эскерүү үчүн барган Босния-Герцеговинада ТИКА тарабынан оңдолгон Сараево университетинин архитектура факультетинин китепканасын ачты.  

Чам ошондой эле 1947-жылдан бери иштеп келе жаткан Башчаршы маданият жана искусство коому бирикмесинин ТИКА тарабынан жаңыланган өндүрүштүк цехинин ачылышын да ишке ашырды.



Тектеш кабарлар