Коронавак вакцинасынын Түркиядагы фаза-3 изилдөөсү "The Lancet" журналында жарыяланды

Түркияда жүргүзүлгөн "CoronaVac" вакцинасынын Фаза-3 изилдөөлөрүнүн натыйжалары "The Lancet" медициналык журналына жарыяланды.

1672701
Коронавак вакцинасынын Түркиядагы фаза-3 изилдөөсү "The Lancet" журналында жарыяланды

Кытайда Sinovac компаниясы тарабынан коронавируска каршы иштелип чыккан "CoronaVac" вакцинасынын Түркияда жүргүзүлгөн Фаза-3 изилдөөсүнөн алынган убактылуу маалыматтар вакцинанын эки дозасы COVID-19 инфекциясынан 83,5% коргоону камсыз кылгандыгын көрсөттү.

Түркияда жүргүзүлгөн "CoronaVac" вакцинасынын Фаза-3 изилдөөлөрүнүн натыйжалары "The Lancet" медициналык журналына жарыяланды.

"The Lancet" басма сөз кызматынан берилген маалыматка ылайык, Кытайда иштелип чыккан COVID-19 вакцинасы CoronaVacтын Түркияда жүргүзүлгөн Фаза-3 изилдөөсүнүн убактылуу маалыматтары вакцинанын эки дозасы COVID-19 инфекциясынан 83,5% коргоону камсыз кылгандыгын көрсөттү.

Алдын ала ачылыштарда CoronaVac "антителонун күчтүү реакциясын" пайда кылган деп айтылган.

Ошондой эле Түркиядагы изилдөөгө кирген 10 миңден ашуун катышуучунун арасында эч кандай олуттуу терс таасирлери же өлүмү катталбаганы, терс таасирлеринин көпчүлүгү жеңил болгон жана инфекция киргенден кийин 7 күндүн ичинде пайда болгону баса белгиленди.

Макалада жаңы пайда болуп жаткан кооптуу варианттарга каршы вакцинанын узак мөөнөттүү эффективдүүлүгү катышуучулардын ар кандай тобунда сыналышы керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар