Эрдоган:«Өлкөбүздү тышка көз карандылыктан куткарганга дейре инвестициябызды көбөйтө беребиз»

Президент Эрдоган Кайсери шаарында A400M учагынын тапшырылышы жана Стратегиялык кызматташтык келишимдеринин сертификат аземине түз байланыш аркылуу катышты.

1672341
Эрдоган:«Өлкөбүздү тышка көз карандылыктан куткарганга дейре инвестициябызды көбөйтө беребиз»
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Өлкөбүздү коргонуу өнөр жайындагы тышкы көз карандылыктан толук бошотмойунча, инвестициябызды көбөйтө беребиз»,-деди.

Президент Эрдоган Кайсери шаарында жайгашкан A400M Fasbat учактарын тейлөөчү жайлардын ачылышына жана калыбына келтирилген биринчи A400M учагынын тапшырылышы жана Стратегиялык кызматташтык келишимдеринин сертификат аземине түз байланыш аркылуу катышты.

Эрдоган, Түркия коргонуу өнөр жайындагы тышкы көз карандылыктан толугу менен кутулганга дейре инвестициялар улана берерин айтты.

Президент Эрдоган: «Терроризмге каршы дээрлик 40 жылдык күрөшүбүздө биз биримдиктин духуна туура келбеген көптөгөн окуяларга туш болдук. Терроризмге каршы күрөшүү учурунда биз жалгыз калдык. Биздин досторубуз деп аталгандар бизди алсыратуу үчүн болгон күчүн жумшашты»,-деди.

Эрдоган:«Өлкөбүздүн суранычы болгондо кырк дарыядан суу алынып келингендей татаалдашкан куралдар ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу менен Сириядагы террорчуларга миңдеген жүк ташуучу унаалар жана рейстер менен жеткирилген»,-деп айтты.

Түрк фирмаларынын коргонуу өнөр жайында чоң ийгиликтерге жетишкендигин айткан Президент, «Биз дүйнөдөгү алдыңкы 3-4 мамлекеттин катарына кирдик. Бүгүнкү күндө биз жергиликтештирүү жана улутташтыруу алкагында түзүлгөн келишимдер менен өлкөбүздүн максаттарына бир топ кыска убакытта жетебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар