Эрдоган:«Жарандардын ар бир тармакта жашоо сапатын жакшыртууга аракет кылуудабыз»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада курулуп бүткөн турак жай массивдеринин ээлерине өткөрүлүп берилген салтанатта сөз сүйлөдү.

1671758
Эрдоган:«Жарандардын ар бир тармакта жашоо сапатын жакшыртууга аракет кылуудабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жарандардын ар бир тармакта жашоо сапатын жакшыртуу боюнча талаптарын аткарууга аракет кылып жатышканын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада курулуп бүткөн турак жай массивдеринин ээлерине өткөрүлүп берилген салтанатта сөз сүйлөдү.

Шаардыктардын санынын ашыкча көбөйүшүнүн бир аз убакыттан кийин эле Түркияда дагы турак жай салууну тез жана кеңири ишке ашырууну мажбур кылганын баса белгилеген Эрдоган: «/.../. 2003-2019-жылдар аралыгында, бир миллион 173 миң имаратта 11 миллион 320 миң үй курулду. Бул таблица акыркы 19 жылдын Түркиянын турак жай маселесин чечүүдө өзгөчө мааниге ээ экендигин көрсөтүп турат»,-деди.

Жарандардын ар бир тармактагы жашоо сапатын мезгилдин руху менен жакшыртуу талабын канааттандырууга аракет кылып жатышкандыгын билдирген Эрдоган: «Бүгүнкү күндө биздин эл горизонталдуу урбанизацияны, баалуулуктарды пайда кылган, цивилизациябызды колдогон жана айлана-чөйрөнү сыйлаган шаарларды каалайт. Алар шаардын ачык-айкын администрациясын, шаар мэри менен биргеликте башкарууну каалашат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар