Түркияда эмдөө кызуу жүрүп жатат

Жалпы вакциналардын саны боюнча Түркия дүйнөдө 9-орунда турса, 100 кишиге туура келген вакциналардын саны 62,22 түздү.

1669547
Түркияда эмдөө кызуу жүрүп жатат

Түркияда коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы колдонулган вакциналар 52 миллион 560 миң 826 дозадан ашты.

Жалпы вакциналардын саны боюнча Түркия дүйнөдө 9-орунда турса, 100 кишиге туура келген вакциналардын саны 62,22 түздү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Түркия убактысы боюнча саат 16.21ге карата 35 миллион 862 миң 336 адам биринчи дозасын, ал эми 15 миллион 647 миң 177 адам экинчи дозасын алышты.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар