Түркия көч жолдорунда келип чыккан кайгылуу окуяларга капа болууда

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

1669521
Түркия көч жолдорунда келип чыккан кайгылуу окуяларга капа болууда

Түркия эл аралык коомчулукту аралаш миграциялык агымдардын түпкү себептерин чечүү жолдорун издөөгө жана жоопкерчилик менен жүктү адилеттүү бөлүшүүгө чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, көбүнчө Африка Сахарасынын өлкөлөрүнөн келген 127 иммигрантты ташыган кеме Жер Ортолук деңизге чөгүп кеткендиги жана 84 иммигранттын куткарылышына карабастан 43 иммигранттын жоголгону капа болуу менен белгиленди.

«Жер Ортолук деңиздеги бул трагедия биринчи дагы эмес жана акыркы дагы болбойт. Түркия бул оор окуяларга жана миграция жолдорундагы жоготууларга капаланат. 2021-жылы Жер Ортолук деңизинде 866 иммигрант каза тапты. Деңизде өмүрдү сактап калуу мамлекеттер үчүн абийирдүү жана мыйзамдуу милдет болуп эсептелет»,делген билдирүүдө, дагы деле болсо Европа Бирлигинин (ЕБ) чегинде деңиздеги издөө жана куткаруу жоопкерчилигин координациялоонун жоктугу жана эл аралык жоопкерчиликти транзиттик өлкөлөргө жүктөп коюу аракети иммигранттардын жашоо укугуна шек келтирери баса белгиленди.

Билдирүүдө, аралаш миграциялык кыймылдардын себеби Африкадагы Сахаранын түштүгүндө, Афганистанда жана Сирияда болуп жаткан туруксуздук, чыр-чатактар ​​жана жакырчылык болгону белгиленип «Миграциянын себептерин жоймоюнча, көйгөйдүн чечилишин табуу жана миграциянын алдын алуу мүмкүн эмес. Тескерисинче, чечимдер иммигранттардын, башпаанек сурагандардын азап тартуусун күчөтөт жана деңиздеги өлүмдөрдү көбөйтөт.

Ушундан улам, эл аралык коомчулукту дагы бир жолу аймагыбыздагы миграциялык кыймылдын түпкү тамырын түптөгөн көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөөгө жана жоопкерчиликтер менен жүктөрдү адилеттүү бөлүшүүгө чакырабыз»,делди.



Тектеш кабарлар