ТКТРда Сovid-19дун дельта варианты табылды

Саламаттыкты сактоо министри Үнал Үстел Индияда биринчи жолу көрүнүп, бир топ жеңилирээк жуккан Ковид-19дун "Дельта" варианты Түндүк Кипр Түрк Республикасында жолукканын жарыялады.

1669600
ТКТРда Сovid-19дун дельта варианты табылды

Коронавирустун жаңы түрүнүн (Сovid-19) дельта варианты Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) табылды.

Саламаттыкты сактоо министри Үнал Үстел Индияда биринчи жолу көрүнүп, бир топ жеңилирээк жуккан Ковид-19дун дельта варианты Түндүк Кипр Түрк Республикасында жолукканын жарыялады.

Өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндөҮстел эпидемиянын олуттуу коркунуч экендигин унутпоо керектигин эскертип, «Бул күрөштө биздин эң негизги курал - бул эмдөө жана эрежелерди сактоо. Биз ар дайым айткандай айрыкча эл көп чогулган жерлерде маска, социалдык аралык жана гигиена эрежелерин сактоо маанилүү»,деген сөз айкаштарын колдонгон.

Министр Үстел жалпы республика боюнча 221 миң 174 Ковид-19 вакцинасы колдонулгандыгын, биринчи дозада вакцина алгандардын саны 129 миң 11, экинчи дозаны алгандардын саны 92 миң 163 жана ден-соолук борборлорундагы эмдөө жашы 18ге чейин түшүрүлгөнүн маалымдады.

Үстел Түндүк Кипр Түрк Республикасында вакцина мобилизациясы башталгандыгын жана эмдөөнүн 70 пайызы ушул айдын аягына чейин бүтөрүн айтты.



Тектеш кабарлар