Кожа:«2 дозадан вакцина алган 50 жаштан жогоркулар 3-доза вакцина алышат»

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

1667725
Кожа:«2 дозадан вакцина алган 50 жаштан жогоркулар 3-доза вакцина алышат»

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 45 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 732 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 228 миң 163 тест жасалып, 522 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 496 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 7 миң 191 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 294 миң 285ке жогорулады.

Бир тараптан, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Коронавирус Илимий комитетинин жыйналышынан кийин жасаган билдирүүсүндө: «2 дозадан вакцина алган 50 жаштан жогорку курактагы жарандарыбыз жана биздин саламаттыкты сактоо кызматкерлерибиз эртеңден баштап, каалаган вакцина менен 3-дозада вакцина алууга жазыла алышат»,-деди.

Министр Кожа: «Бүгүнкү күнгө чейин оорудан (Ковид-19)  6 ай өткөндөн кийин вакцинацияга укук бар деп аныкталган, эми бул мөөнөт үч айга чейин кыскарды. Жаңы алынган маалыматтарга ылайык BioNTech вакцинасынын биринчи дозасын алган жарандарыбыздын  экинчи дозасы үчүн мурункудай 6 жума эмес 4 жумадан кийин эмделиши мүмкүн деп табылган соң ага жараша күнүн белгилей алышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар