Караисмаилоглу Казакстандын Түркиядагы элчисин кабыл алды

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кабыл алууда эки өлкөнүн ортосундагы автоунаа транспортунда болгон көйгөйлөрдүн талкууланганы белгиленди.

1667874
Караисмаилоглу Казакстандын Түркиядагы элчисин кабыл алды

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Казакстандын Анкарадагы элчиси Абзал Сапарбекулун иш бөлмөсүндө кабыл алды.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кабыл алууда эки өлкөнүн ортосундагы автоунаа транспортунда болгон көйгөйлөрдүн талкууланганы белгиленди.

Министр Караисмаилоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Түркияда август айында боло турган Баку-Тбилиси-Карс (BTK) министрлеринин жыйынына ошондой эле казак кесиптеши, өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкуловду чакырды.

Караисмаилоглу эки бир тууган өлкөнүн көйгөйлөрү бетме-бет өткөрүлө турган эки тараптуу жолугушууларда өз ара жакшыраак чечиле тургандыгын айтты.

«4 миң даана бир жолку өтүү документтери Түркиянын Нур-Султандагы Элчилигине жеткирилет. Мындай чечим бизди кубандырат, бирок дагы деле кошумча өткөрүү документине муктаждык болот»,деп айтты.

Элчи Сапарбекулы өз сөзүн министр Атамкуловдун саламын айтып баштады жана Атамкулов министр Караисмаилоглуну Казакстанга чакыргандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар