Эрдоган ТКТРдагы салтанаттарга катышат

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик билдирүү жасады.

1668183
Эрдоган ТКТРдагы салтанаттарга катышат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) 20-июль Тынчтык жана Эркиндик күнүнө арналган салтанаттарга катышат.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик өз билдирүүсүндө: «Урматтуу президентибиз, быйыл Түндүк Кипр Түрк Республикасында 20-июль салтанаттарына катышат. АК партия 20-июлдагы салтанаттарга абдан күчтүү курам менен барат», деди.

Челик: «Быйыл биз Кипр түрктөрүнө жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына болгон колдообузду президентибиздин катышуусу менен чогуу көрсөтөбүз», деп айтты.



Тектеш кабарлар