Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 58 киши көз жумду.

1666352
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 58 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 634 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 223 миң 525 тест жасалып, 431 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 283 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 5 миң 327 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 280 миң 558ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар