Фуат Октай Өзбекстанда жолугушууларын баштады

Түркия-Өзбекстан Биргелешкен экономикалык комиссиясынын 6-жыйыны боло турган мейманканада жолугушуу болуп, вице-президент Фуат Октай жана Өзбекстан премьер-министринин орун басары Сердар Умурзаков бетме-бет жолугушуу өткөрүштү.

1665855
Фуат Октай Өзбекстанда жолугушууларын баштады

Вице-президент Фуат Октай Өзбекстандагы жолугушууларынын алкагында вице-премьер-министр Сердар Умурзаков менен жолугушту.

Түркия-Өзбекстан Биргелешкен экономикалык комиссиясынын 6-жыйыны боло турган мейманканада жолугушуу болуп, вице-президент Фуат Октай жана Өзбекстан премьер-министринин орун басары Сердар Умурзаков бетме-бет жолугушуу өткөрүштү.

Кийинчерээк жолугушууга Өзбекстандын соода жана тышкы иштер министрлигинин делегациясы жана Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар кошулду.

Умурзаков Октайга Өзбекстанга келгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, «Ата журтка кош келдиңиз» деди.

Умурзаковго көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирген Октай, алар Өзбекстанда болгон учурдан тартып өз үйүндө жүргөндөй сезилгендигин билдирди.

 


Этикеткалар: #Өзбекстан , #Фуат Октай

Тектеш кабарлар