Ооганстанда дагы эки район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Балх провинциясынын Кеңешинин төрагасы Мохаммед Афзал Хадид басма сөзгө билдирүүсүндө, согушкерлер Өзбекстан менен чектешкен Балхтин Шор Тепе районуна куралдуу кол салганын билдирди.

1665548
Ооганстанда дагы эки район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясы жана түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясындагы эки районун көзөмөлдөө Талибандын колуна өттү.

Балх провинциясынын Кеңешинин төрагасы Мохаммед Афзал Хадид басма сөзгө билдирүүсүндө, согушкерлер Өзбекстан менен чектешкен Балхтин Шор Тепе районуна куралдуу кол салганын билдирди.

Кол салуудан кийин район борбору Талибандын көзөмөлүндө өткөнүн билдирген Хадид, коопсуздук күчтөрүнүн район борборунан чыгып кеткендигин айтты.

Тахар провинциясынын Кеңешинин милдетин аткаруучу Айнуддин Рустаки ошондой эле согушкерлер Рустак районун көзөмөлгө алгандыгын белгиледи.

Кечээ өлкөнүн түндүгүндөгү Фаряб провинциясынын Андхой району Талибандын көзөмөлүнө өткөн.

21-июнда Талибан өлкөнүн түндүгүндөгү Балх провинциясынын Девлет Абад, Шолгере жана Кишиндех райондорун басып алган.

Түндүк провинцияларындагы Балх жана Самангандагы эки районду көзөмөлдөө да 20-июнда уюмдун колуна өткөн.

Акыркы 2 айда Талибандын көзөмөлүндөгү райондордун саны 40тан ашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, шаар борборлорун эске албаганда, Талибан өлкө аймагынын 50-70 пайызын көзөмөлдөйт.



Тектеш кабарлар