TURKOVAC Альфа вариантына каршы эффективдүү

Жаныбарларга сыноо иштери ийгиликтүү натыйжаларды берди.

1664547
TURKOVAC Альфа вариантына каршы эффективдүү

Ата мекендик коронавирус (Ковид-19) вакцинасы TURKOVAC британ варианты деп аталган Альфа вариантына каршы да эффективдүү экени байкалды.

Жаныбарларга сыноо иштери ийгиликтүү натыйжаларды берди.

Кайсеридеги Эржиес университетинин ректору профессор Доктор Мустафа Чалыш, жакында 3-фаза изилдөөлөрүн баштаган ата мекендик вакцина TURKOVAC жөнүндө жаңы жакшы кабар берди.

Британ вариантына байланыштуу трансфердик чычкандарга изилдөө жүргүзүлгөндүгүн айткан Чалыш: «Биздин вакцина TURKOVACтын британ вариантына, жок дегенде трансфердик чычкандар да жаныбарларга сыноодо эффективдүү болгонуна күбө болдук. Бул тууралуу жакшы жаңылыктарды айткым келет», деди.

Чалыш, TURKOVACтын берки варианттарга каршы эффективдүү болуп же болгону жөнүндө да негизинен илимпоздор инактивдүү вакциналардын көптөгөн варианттарга каршы натыйжалуу болоорун айтышканын билдирип: «Биз TURKOVACтын тез арада өлкөбүздө жана бүткүл дүйнөдө колдонууга жарактуу болушун каалайбыз. Аны чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», деп айтты.

TURKOVACтын Фаза-3 изилдөөлөрү ыктыярчыларга уланып жатат.

Эгерде бул процесс ийгиликтүү ишке ашса вакцинанын шашылыш түрдө колдонууга уруксаты менен миллиондогон адамдарга шыпаа болот.



Тектеш кабарлар