Р. Т. Эрдоган кечээ аялдарга карата зомбулук менен күрөшүү тууралуу жыйынга жетекчилик кылды

Жыйын массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.

1664375
Р. Т. Эрдоган кечээ аялдарга карата зомбулук менен күрөшүү тууралуу жыйынга жетекчилик кылды

Президент Р. Т. Эрдоган кечээ аялдарга карата зомбулук менен күрөшүү тууралуу жыйынга жетекчилик кылды.

Президенттик комплексте өткөн жыйын массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.

Жыйынга үй  - бүлө жана социалдык тейлөө министри Деря  Янык, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Өзлем  Зенгин, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын аялдар уюмунун  төрайымы Айше Кешир, Түркия Улуттук Парламентинин Аялдарга карата зомбулукту иликтөө комиссиясынын төрайымы, АК партиянын Малатья депутаты Өзнур Чалык, Түркия Улуттук Парламентинин Аял  - эркек бирдей мүмкүнчүлүктөр  комиссиясынын төрайымы, АК партиянын Эдирне депутаты Фатма Аксал, депутаттар, окумуштуулар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.



Тектеш кабарлар