Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Коронавирус Илимий Комитетинин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө, жума күндөн тарта 18 жашка толгон ар бир адамга эмдөө дайындала тургандыгын айтты.

1663645
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 65 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 358 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 224 миң 192 тест жасалып, 550 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 809 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 5 миң 917 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 248 миң 862ге жогорулады.

Бир тараптан, саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Коронавирус Илимий Комитетинин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө, жума күндөн тарта 18 жашка толгон ар бир адамга эмдөө дайындала тургандыгын айтты.

Кожа, дельта варианты жөнүндө,"Биз дельта плюсту өлкөбүздөн байкаган жокпуз. Бизде дельта варианты боюнча 134 учур катталган. Бул жалпысынан 16 провинцияда байкалган. Көбүнчө Стамбулда болгон" деген сөз айкаштарын колдонду.

Саламаттыкты сактоо министри Кожа, вакцинанын эки дозасы дельта вариантында кыйла натыйжалуу экендиги белгилүү болгонун жана келечекте эки вакцинанын ортосундагы 6 жумалык мөөнөттү 4 жумага чейин кыскарта аларын билдирди.


Этикеткалар: #дельта , #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар