Шентоп черногориялык кесиптеши менен жолукту

Шентоп, өлкөлөр ортосундагы жогорку деңгээлдеги сапарлардын карым-катнаштардын өнүгүшүнө конструктивдүү салым кошконун айтты.

1662875
Шентоп черногориялык кесиптеши менен жолукту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Черногория Парламентинин төрагасы Алекса Бечич менен жолугушту.

Шентоп Антальяда Түштүк-Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин Парламенттик Ассамблеясынын 8-сессиясына катышкан Бечич менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Түркия менен Черногориянын бирдей тарых жана маданиятка ээ экендигин айткан Шентоп, өлкөлөр ортосундагы жогорку деңгээлдеги сапарлардын карым-катнаштардын өнүгүшүнө конструктивдүү салым кошконун айтты.

Коронавирус эпидемиясы учурунда Түркиянын берки өлкөлөргө сыяктуу Черногорияга да тилектештик көрсөткөнүн билдирген Шентоп: «Черногория көп маданияттуу жана этникалык түзүлүшү менен биз үчүн Түштүк-Чыгыш Европанын тынчтыгына жана стабилдүүлүгүнө салым кошкон достук мамиледеги өлкө. Гүлдөп-өнүгүүсүнө жана туруктуулугуна маани берилген досторубуз, туугандарыбыз жашаган өлкөлөрдөгү окуяларды тыкыр байкап турабыз», деп айтты.



Тектеш кабарлар