Косовонун президенти Түркиянын күчтүү колдоосун сактап калуу үчүн ар дайым байланышта болоорун айтты

Османи Анадолу агенттигине Анталия Дипломатия форумуна (АДФ) байланыштуу маек куруп берди.

1662189
Косовонун президенти Түркиянын күчтүү колдоосун сактап калуу үчүн ар дайым байланышта болоорун айтты

Косовонун президенти Вжоса Османи-Садриу Түркиянын күчтүү колдоосун сактап калуу үчүн ар дайым байланышта болоорун айтты.

Османи Анадолу агенттигине Анталия Дипломатия форумуна (АДФ) байланыштуу берген баасында Түркия менен Косовонун ортосундагы карым - катнаштарда чыңдалышы мүмкүн болгон жаңы маселелерге көңүл буруп, алардын катарындагы соода жана маданий кызматташтыкты тизмектеди.

Түрк ишкерлеринин Косового инвестиция сала турган көптөгөн аймактар ​​бар экендигин баса белгилеген Османи, Түркиянын колдоосуна Косовонун таанылышы жагынан да муктаждык бар экендигине көңүл бурду.

Османи сөзүн мындай улады: «Ошондой эле эл аралык уюмдарга мүчө болгон учурда Түркиянын колдоосуна муктажбыз. Эл аралык аренада эмне болсо, ошону кылышыбыз үчүн, Түркиянын күчтүү колдоосун сактап калуу үчүн, анын добуштарын гана эмес, диаспоралардын колдоосун алуу үчүн дагы ар дайым байланышта болобуз. Себеби бул биздин жыргалчылыгыбыз жана өнүгүшүбүз үчүн гана эмес, ошондой эле аймакта тынчтык жана туруктуулук үчүн маанилүү».

«Косовонун көз карандысыздыгы - бул кайтарылгыс процесс жана бизди андан эч нерсе токтото албайт»,-деп айткан Саид Османи, Косовону тааныган өлкөлөрдүн саны 100гө жетет жана алар Косоводон алыс жайгашкан өлкөлөр менен сүйлөшүп, көзкарандысыздык Косовонун укугу деп түшүндүрдү.

Османи: «Саясий жактан Эл аралык Сот дагы Косовонун көзкарандысыздыгы эл аралык мыйзамдарга ылайык келет деп билдирди. Андыктан Косовонун көзкарандысыздыгын өлкөлөрдүн таанышы жагынан эч кандай маселе жок»,-деп баасын берди.



Тектеш кабарлар