Президент Эрдоган жаштар менен жолукту

Президент Эрдоган, Аталар күнүнө карата Адилеттик жана Өнүгүү Партиясынын (АК Партия) Жаштар Бөлүмү тарабынан уюштурулган «Атанын Жаштар менен жолугушуусу» деп аталган онлайн иш-чарада 81 дубандан 700 жаш менен жолугушту.

1661558
Президент Эрдоган жаштар менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы башталгандан бери Түркиянын саламаттыкты сактоо кызматтарынан тартып, коомдук коопсуздукка чейин ар тараптан башка өлкөлөрдөн алдыда экендигин айтты.

Президент Эрдоган, Аталар күнүнө карата Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Жаштар бөлүмү тарабынан уюштурулган «Атанын Жаштар менен жолугушуусу» деп аталган онлайн иш-чарада 81 дубандан 700 жаш менен жолугушту.

Түркиянын Ковид-19 эпидемиясына каршы ыкчам эмдөө программасын жүргүзүп жаткандыгын билдирген Режеп Таййип Эрдоган: «Вакцина менен камсыздоо абдан кыйын болуп турган учурда, өз убагында түзүлгөн байланыштар аркылуу тез вакцинациялык графикти жүргүзүп жатабыз. Бизде бир катар кемчиликтер бар, бирок биз бул кечигүүлөрдү жеңип жатабыз. Учурда абалыбыз жакшы. Жакында бул алааматтан арылабыз деп ишенем»,-деди.

Атамекендик вакцина изилдөөлөрүнүн уланып жаткандыгын жана максаттын сентябрь-октябрь айларында өндүрүштү баштоо экендигин белгилеген Эрдоган, эмдөө курагын 30га жеткиргендиктерин жана бул маанилүү кадам экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган учурда эмдөөлөрдүн саны 40 миллионго жакындап калгандыгына көңүл буруп, мунун жакшы өсүш болгонун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар