Кызылай Түркиядагы баш калкалоочуларга жардамын үзгүлтүксүз улантууда

Кызылайдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2001-жылдан бери, 20-июнь Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүндө, ар түрдүү себептерден улам жашаган жеринен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө кетүүгө аргасыз болгон убактылуу коргоодогу адамдардын абалы баса белгиленди.

1661390
Кызылай Түркиядагы баш калкалоочуларга жардамын үзгүлтүксүз улантууда

Кызылай Түркияда баш калкалаган убактылуу коргоого алынгандарга колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Кызылайдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2001-жылдан бери, 20-июнь Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүндө, ар түрдүү себептерден улам жашаган жеринен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө кетүүгө аргасыз болгон убактылуу коргоодогу адамдардын абалы баса белгиленгени маалымдалды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссариаты  жарыялаган акыркы жылдык докладга ылайык, пандемияга карабастан, 2020-жылы согуштардан, зордук-зомбулуктан, куугунтуктоодон жана адам укуктарын бузуудан качкан адамдардын саны 82,4 миллион адамга жетти.

Билдирүүдө 2014-жылдан бери Жер Ортолук деңизи аркылуу жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн көчүп кетүүнү каалаган 20 миңден ашуун кишинин сууга чөгүп каза болгондугу белгиленип, Кызылай болсо Түркияга баш калкалаган убактылуу коргоого алынган адамдар менен катар чек аранын ары жагындагы жардамдары менен да колдоосун улантканы белгиленди.

Кызылайдын Түркияда катталган болжол менен 4 миллион кишиге көптөгөн тармактарда колдоо жана адаптация программалары аркылуу жардам бергендиги белгиленген билдирүүдө, «Кызылай Түркиянын ар кайсы шаарларында жайгашкан 16 активдүү Коомдук борбор жана 521 кызматкер аркылуу бүгүнкү күнгө чейин 1,7 миллион адамга жетти»,делди.

Билдирүүдө чек аранын ары жагындагы жардамын үзгүлтүксүз уланткан Кызылайдын гуманитардык кризистердин таасирин азайтуу жана жашоо шарттарын жогорулатуу максатын көздөгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар