Калын Стамбулда Бьорн Зайберт менен жолугушту
Жолугушууда бир катар маселелер талкууланды.
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын министрлер кабинетинин башчысы Бьорн Зайберт менен жолугушту.
Стамбулдагы Долмабахче иш кеңсесинде өткөрүлгөн жолугушууда, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси, Бажы биримдиги, миграция кызматташтыгы жана гуманитардык жардам, ошондой эле Кипр, Сирия, Ливия жана Афганистан сыяктуу аймактык маселелер кеңири талкууланды.
Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын стратегиялык мааниси баса белгиленген жыйында позитивдүү күн тартибин алдыга жылдыруу керектиги белгиленди.
24-июнда боло турган Европа Кеңешинин саммитинде Бажы биримдигинин жана качкындар келишиминин жаңылануусуна байланыштуу конкреттүү кадамдар күтүлөрү айтылды.
Ошондой эле Сирия, Ливия жана Афганистан сыяктуу аймактык маселелерде тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн дипломатиялык кызматташтыкты улантууга макулдашылды.
Жолугушууда Европа Биримдигинин Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы элчи Николаус Мейер-Ландрут дагы болду.