Түркияда биринчи жана экинчи доза вакцина көлөмү 40 миллиондон ашты

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

1660844
Түркияда биринчи жана экинчи доза вакцина көлөмү 40  миллиондон ашты

Коронавируска  каршы күрөшүүнүн алкагында,  Түркия боюнча  биринчи жана экинчи эмдөө дозасы 40 миллиондон ашты.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа  твиттер эсебинен : "40 миллионунчу дозага жеттик.  206 өлкөнүн ичинен эң көп эмдөө алган 9-өлкөбүз. Саламаттыкты сактоо кызматкерлерибиз күн сайын 6000 кишиге эмдөө кызматын көрсөтүшөт. Бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар  жана тилектештигибиз жогору. Натыйжа күтүлбөгөн нерсе эмес",- деп билдирди.



Тектеш кабарлар