Түштүк-Чыгыш Европа кызматташтык процессинин жыйыны Антальяда башталды

Чавушоглу жыйналыштын ачылышында сөз сүйлөдү.

1659848
Түштүк-Чыгыш Европа кызматташтык процессинин жыйыны Антальяда башталды
cavusoglu gdau antalya.jpg
gdau disisleri bakanlari antalya .jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүнкү күндө диалог жолу менен көйгөйлөрдүн чечилишин издеген Түштүк-Чыгыш Европа бар экендигин айтты.

Быйыл Түркиянын мөөнөттүү төрагалыгы астында өткөрүлгөн Түштүк-Чыгыш Европа кызматташтык процесси (SEECP) Антальяда Мевлүт Чавушоглунун жетекчилигинде Тышкы иштер министрлеринин жыйыны менен башталды.

Чавушоглу жыйналыштын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө быйыл бир эле учурда SEECPдин 25 жылдыгын белгилеп жатышканын: «Бүгүнкү күндө көйгөйлөрдү диалог жолу менен чечүүнү көздөгөн Түштүк-Чыгыш Европа бар. Аймактагы эң инклюзивдүү форум болгон Түштүк-Чыгыш Европа кызматташтык процесси, чөлкөм өлкөлөрүн эң оор мезгилдерде дагы чогулта алган аянтча болуп калды», деди.

Чавушоглу Түркиянын үчүнчү мөөнөткө төрагалык кылуу мезгилинде 40тан ашуун иш-чара уюштурулгандыгын, алардын ичинен биринчи жолу диаспора жана жаштар форумдары өткөрүлгөнүн айтты.

Чавушоглу, 2030-жылга карата Стратегиялык документинин даярдалышы маанилүү кадам экендигин баса белгиледи.

Түркиянын төрагалыгы мезгилинде көрсөткөн колдоосу үчүн аларга ыраазычылык билдирген Чавушоглу, кийинки төрага (Греция) Афинага ийгилик каалады жана ар кандай колдоо көрсөтө тургандарын билдирди.

Чавушоглу 2022-2023-жылдар үчүн кезектешкен төрагалык кызматына киришүүгө макул болгон Подгорицага (Черногория) да ыраазычылыгын билдирди.

SEECP мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын саммити түштөн кийин президент Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда болот.



Тектеш кабарлар