Россия делегациясы учак каттамдары тууралуу Түркияга келет

Россия делегациясы Түркия менен каттамдардын ачылышына байланыштуу абалдарды карап чыгуу үчүн Түркияга келет.

1659220
Россия делегациясы учак каттамдары тууралуу Түркияга келет

Россия делегациясы Түркия менен учак  каттамдарынын ачылышына байланыштуу абалдарды карап чыгуу үчүн Түркияга келет.

Россиянын Адам ден-соолугу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кызматы Роспотребнадзор тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Россия менен Түркиянын ортосунда мындан мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде орус делегациясы  Ковид  - 19 тууралуу абалдарды карап чыгуу максатында жуманын ортосунда Түркияга барат»,- деп билдирилген.

Маалыматта сапардын жыйынтыгына карата каттамдардын кайрадан башталышы жана туризм кызматтарын көрсөтүү боюнча чечимдердин кабыл алынаары белгиленди.

Маалыматта орус делегациясынын Роспотребнадзор  жана ага караштуу илимий институттардын Россия федералдык туризм агентиги Ростуризм жана Россия коргоо министрлигинин тийиштүү мекемелеринин адистеринен түзүлөрү билдирилди.

Россия Түркия менен кадимки жана чартердик каттамдарда 15 -  апрелден  1 -  июнга чейин чектөө чечимин чыгарып, андан кийин да бул чечимди 21 -  июнга чейин узарткан.



Тектеш кабарлар