Ван облусунда террористтерге таандык ок - дары колго түшүрүлдү
Ван облусунун Чатак районунда ПКК террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн операциядакурал, ок- дары жана турмуштук материалдар колго түшүрүлдү.
1658489
Ван облусунун Чатак районунда ПКК террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн операцияда курал, ок- дары жана турмуштук материалдар колго түшүрүлдү.
Ван губернаторлугунан берилген маалыматка караганда, облустук жандармерия командирлигинин топтору террордук уюм ПКК/КЖКнын аткара турган кол салууларын жана баш калкалоочу жерлери менен ок- дары кампаларын аныктоо максатында 14 -июнда райондун элет жеринде операция жүргүздү.
Операцияда АК- 47 Калашников, М- 16 жөө аскер мылтыгы, тапанча, колдо жасалган жарылуучу заттар менен турмуштук материалдар колго түшүрүлдү.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.