Түркияда Ковид-19 менен катуу күрөш жүрүп жатат
Акыркы 24 саатта вирустан 84 киши көз жумду.
1658726
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 84 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 879 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 223 миң 846 тест жасалып, 532 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 955 болду.
Дарылануусу бүтүп айыккан 4 миң 186 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 211 миң 22ге жогорулады.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.