Түркия Афина билдирүүсүнө каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич : «Биз үчүн эч бир мааниси жок».

1658587
Түркия Афина билдирүүсүнө каршылык көрсөттү

Түркия Жер Ортолук деңизине жээктеш Европа Биримдигине мүчө 7 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Грециянын борбор шаары Афинада өткөргөн жыйынынын акырында жарыяланган биргелешкен билдирүүнүн эч бир маанисинин жок экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич берген маалыматында Афинада 11 -июнда болгон жыйындын акырында биргелешкен билдирүү жарыялангандыгына көңүлдөрдү бурду жана : «Биз үчүн эч бир мааниси жок»,- деди.

Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы болбостон Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чыныгы бир кызматташуу чөйрөсүнүн жаратыла албай тургандыгына басым жасаган Билгич : «Кипр маселеси жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи маселелеринде рум-грек карым- катнашынын максималист талаптары жана саясаттарын жактаган бул формациянын жыл сайын кайталанган бир тараптуу мамилеси аймакта тынчтык жана туруктуулукка, кызматташуунун өнүктүрүлүшүнө салым кошуусу мүмкүн эмес»,- деди.

Билгич президент Р. Т. Эрдогандын Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу аймактык конференция сунушун дагы бир жолу эске салды.

 

 

 



Тектеш кабарлар