Эрдоган лидерлерге "Түркиянын терроризмге каршы күрөшү" китебин берди

Эрдоган "Түркиянын терроризмге каршы күрөшү" китебин саммит учурунда жолуккан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байденге, ошондой эле Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Германиянын канцлери Ангела Меркелге тапшырды.

1658361
Эрдоган лидерлерге "Түркиянын терроризмге каршы күрөшү" китебин берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ НАТОнун саммитинде жолугушкан лидерлерге Түркиянын террордук уюмдар ЙПГ/ПКК, ФЕТО жана ДЕАШка каршы чечкиндүү күрөшүн түшүндүргөн "Түркиянын терроризмге каршы күрөшү" китебин берди.

Эрдоган "Түркиянын терроризмге каршы күрөшү" китебин саммит учурунда жолуккан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байденге, ошондой эле Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Германиянын канцлери Ангела Меркелге тапшырды.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан англис тилинде даярдалган "Түркиянын терроризмге каршы күрөшү" китеби ЙПГ/ПKK, ФЕТӨ жана ДЕАШ болуп үч бөлүктөн турат.

Китепте Түркиянын союздаштарынан күткөнү - "эгемендүүлүк укугун жана коопсуздук сезимин урматтоо жана бардык террордук уюмдар, анын ичинде ЙПГ/ПКК, ДАЕШ жана ФЕТӨ менен күрөшүүдө конкреттүү түрдө анын жанында болуу" экени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар