Алтун: «НАТОнун стратегиялык концепциясын жаңыртууга мезгил келди»

AlJazeera үчүн жазган макаласында, Алтун 1952-жылы альянска киргенден бери Түркия НАТОнун бекем союздашы болгонун айткан.

1657358
Алтун: «НАТОнун стратегиялык концепциясын жаңыртууга мезгил келди»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун акыркы он жылда өзгөрүлгөн аймактык коопсуздук динамикасынан кийин НАТОнун стратегиялык концепциясын жаңыртууга мезгил келгенин айтты.

AlJazeera үчүн жазган макаласында, Алтун 1952-жылы альянска киргенден бери Түркия НАТОнун бекем союздашы болгонун айткан.

Түркиянын жалпы коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүдө ар дайым алдыңкы катарда болгонуна көңүл бурган Алтун, НАТОнун Түркиянын коопсуздугу жана өз аймагындагы тынчтык үчүн алмаштыргыс экендигин кеп кылып, «Акыркы он жыл ичинде өзгөрүлгөн регионалдык коопсуздук динамикасынан кийин, НАТОнун стратегиялык концепциясын жаңыртууга кез келди», - деди.

Жаңы концепция акыркы жылдардагы тездик менен өзгөрүлүп жаткан регионалдык жана глобалдык динамиканын, ошондой эле Ковид-19 эпидемиясынын шартында улуттук приоритеттерди альянстын приоритеттери менен айкалыштыруу зарылдыгын кабыл алышы керектигин белгилеген Алтун: «Терроризмдин бардык түрлөрүнө, анын ичинде ашкере улутчул терроризмге жана исламга каршы чабуулдарга каршы бирдей көз карашта болуу жана ага каршы күрөшүү стратегиясын макулдашуу биринчи кезектеги милдеттердин бири болушу керек»,-деп айтты.

Түркиянын альянстын жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өз милдетин аткаргандыгын жана жасай берээрин белгилеген Алтун: «Жүктү бөлүштүрүү аскердик бюджеттер жана НАТОго кошкон салымдар менен гана чектелип калбастан, биздин аймактагы качкындар кризиси менен күрөшүүнү да камтышы керек. 4 миллиондон ашуун качкындарды кабыл алган өлкө катары биз союздаштарыбызды өз милдетин аткарууга үндөйбүз Бул тарыхый чакырык жана конструктивдүү мамиле кылуу. Сиз менен жолугушуубузга үмүттөнөбүз».

Терроризм жана аймактык туруксуздук коркунучуна туш болгон Түркиянын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү жана чечкиндүү экендигин баса белгилеген Алтун, НАТО союздаштары, тилекке каршы, Түркиянын күрөшүнө үлгүлүү колдоо көрсөтүшпөгөнүн түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар