ТКК Африндеги ооруканага кол салган ПКК/ЙПГ буталарын атты

Жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГнин Африндеги 14 адам каза болгон ооруканага кол салуусунан кийин, Түрк куралдуу күчтөрү (TКK) Тель-Рифаттагы террордук буталарга сокку урду.

1657073
ТКК Африндеги ооруканага кол салган ПКК/ЙПГ буталарын атты

 

Жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГнин Африндеги 14 адам каза болгон ооруканага кол салуусунан кийин, Түрк куралдуу күчтөрү (TКK) Тель-Рифаттагы террордук буталарга сокку уруп, көптөгөн террористтер таасирсиз кылынды.

«Фыртына» пушкалары менен катар ок атууну колдоочу унаалар менен жасалган «жазалоо» чабуулунун натыйжасында, террористтер колдонгон штабдын имараты деп аталган 3 имарат, баш калкалоочу жай жана позиция жок кылынып, көптөгөн террористтер таасирсиз кылынды.

Жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГнин Сириянын түндүгүндөгү Африн шаарындагы ооруканага жана шаардын борборуна кол салуусунан 14 адам, анын ичинде бир наристе каза болуп, 32 адам жаракат алды.

Ошол эле учурда, жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын Тель Рифаттан Град ракеталары жана артиллериялык аткылоосу менен бутага алынган Африндеги оорукана, дубалдары талкаланып, жабдыктары бузулгандыктан, иштебей калды.



Тектеш кабарлар