Ливияда түрк делегациясы жолугушууларын өткөрүп жатат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жетекчилигинде Ливияга барган делегация жолугушууларын улантууда.

1656818
Ливияда түрк делегациясы жолугушууларын өткөрүп жатат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жетекчилигинде Ливияга барган делегация, Ливиянын Президенттик Кеңешинин (DYK) Төрагасы Халид эл-Мишри менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттердеги эсебинен жолугушуу тууралуу: «Ливиянын Президенттик Кеңешинин Төрагасы Халид аль-Мишриге, ливиялыктар жетектеген жана ээлик кылган саясий процесстерге колдоо көрсөтө турганыбызды баса белгиледик»,-деди.

Түрк делегациясы буга чейин Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн (MBH) Премьер-министри Абдулхамид Дибейбе жана Ливиянын Президенттик Кеңешинин мүчөлөрү Абдулла Эль-Лафи жана Муса Эль-Кони менен жолугушкан.

Министр Чавушоглу дагы ушул жолугушууга байланыштуу өзүнүн Твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө, «Биз Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн (MBH) Премьер-министри Абдулхамид Дибейбе менен жолуктук. 2-Берлин конференциясына чейин Улуттук биримдик өкмөтүн колдой тургандыгыбызды баса белгиледик. Биздин кызматташуубуз коопсуз, туруктуу жана гүлдөп өнүккөн Ливия үчүн уланат»,деген сөз айкашын колдонгон.

Чавушоглунун Ливиянын Президенттик Кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуусунун чоо-жайы бөлүшүлгөн жок.

Жолугушууларга улуттук коргоо министри Хулуси Акар, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Башкы штабдын төрагасы,армия генералы Яшар Гүлер, улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Хакан Фидан, Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттин катчысы Ибрахим Калын дагы катышты.

 



Тектеш кабарлар