Эрдоган Бельгияга аттанаар алдында маалымат жыйын өткөрдү

Эрдоган эртең боло турган НАТОнун лидерлер саммитине катышуу үчүн Бельгиянын борбору Брюсселге жөнөөр алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунун Мамлекеттик конок үйүндө маалымат жыйын өткөрдү.

1657044
Эрдоган Бельгияга аттанаар алдында маалымат жыйын өткөрдү
Cumhurbaşkanı Erdoğan NATO zirvesi öncesi basın toplantısı 02.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan NATO zirvesi öncesi basın toplantısı 01.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биздин бирден бир көйгөйүбүз, күткөнүбүз - НАТОнун биримдигин жана тилектештигин чыңдай турган кынтыксыз мамилени АКШдан көрүү»,- деди.

Эрдоган эртең боло турган НАТОнун лидерлер саммитине катышуу үчүн Бельгиянын борбору Брюсселге жөнөөр алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунун Мамлекеттик конок үйүндө маалымат жыйын өткөрдү.

Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен боло турган жолугушуу жөнүндө: «Бул Байден кызматка киришкенден кийин биздин биринчи бетме-бет жолугушуубуз болот жана биз Түркия-АКШ карым-катнаштарын биринчи деңгээлде талкуулашыбыз керек. Биздин Байден менен жолугушуу чөйрөбүз абдан кең. Көптөгөн ушак-айыңдар жана башкалар ичкериде жана тышкарыда болуп өттү, биз аларды артта калтырып, эмне кыла алабыз жана эмне кылышыбыз керектиги жөнүндө сүйлөшүшүбүз керек.

АКШ менен коргонуу өнөр жайы боюнча сүйлөшүлбөй калган көптөгөн маселелер бар. Алардын эң негизгиси F-35 темасы. F-35 учагында Түркия убадасын аткарса дагы, тилекке каршы убадасын аткарбаган жана келишимди аткарбаган Америка бар. Тилекке каршы 24-апрель абдан терс процесс болду. Мындай мамиле бизди абдан капа кылды. Бул нерсени алып келбестен өтүп кетүүнү туура көрүү мүмкүн эмес. АКШда жана башка көптөгөн коргонуу өнөр жайларында баштаган жана уланта албай калган маселелер бар. Албетте, жүрөк булардын эч бирин каалабайт. Ушул жолугушууларды ушундай сезимталдык менен өткөрүп, 24-апрелди унуттура турган кадамдарга барабыз деп үмүттөнөм»,-деп айтты.

Эрдоган: «Биздин бирден бир көйгөйүбүз, күткөнүбүз - НАТОнун биримдигин жана тилектештигин чыңдай турган кынтыксыз мамилени АКШдан көрүү»,-деди.

Эртең боло турган НАТОнун лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Брюсселге аттанаарын эске салган Эрдоган: «Шериктештиктин жакынкы 10 жылдагы жол картасын аныктай турган  НАТОнун 2030-жылга карата жараянына байланыштуу чечимдер кабыл алына турган маанилүү саммитке катышабыз. Шериктештерибиз менен биргеликте НАТОго кандай маани берип жатканыбызды дагы бир жолу баса белгилейбиз»,-деп айтты.

НАТОнун өзгөргөн коркунучтарга каршы өзүн жаңыртып, жаңы шарттарга да ыңгайлашканын белгилеген Эрдоган: «Бул процессте коопсуздуктун бөлүнбөстүгү, тилектештик жана биримдик баш болгон НАТОнун негизиндеги чечимдерди кабыл алуу механизмдерине жана принциптерине шек келтирбеши керек деп эсептейбиз. Саммитте да буюрса ушул маселелерди баса белгилейбиз»,-деди.

Эрдоган НАТОнун баш катчысы Столтенберг менен жакшы мамиледе экендиктерине да токтолуп, «НАТОнун баш катчысы Столтенберг биздин мамилебиз дайыма оң маанайда болуп келген досубуз болуп саналат», деген серебин салды.

Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантып: «Түркия катары ДЕАШтан ПКК, ЙПГге чейин, ФЕТӨдөн DHKP / Cге чейин бир эле учурда көптөгөн террордук уюмдарга каршы күрөшүп жатабыз. Биз бул күрөштү өз чектерибизде гана эмес Сириядан Иракка чейинки кеңири аймакта жүргүзүп жатабыз.

Кечээ Африндеги Шифа ооруканасында болгон террордук кол салуу ПКК-ЙПГнин канчалык чыккынчы жана мыкаачы экендигин көрсөттү. Кол салууда ымыркайлар, дарыгерлер жана бейтаптар менен кошо 14 карапайым адам шейит кетти жана 32 тууганыбыз да жаракат алышты. Кол салуудан каза тапкан бир туугандарыбыздын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалаймын. Өлкөбүздөгү бейкүнөө адамдарды, Сириядагы жарандарды жана Иракта жашаган күрт боордошторубузду өлтүргөн бул шылуундардан төгүлгөн ар бир тамчы кан үчүн эсеп сурайбыз»,-деди.

Түркиянын терроризм менен гана күрөшпөгөнүн баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын бир эле учурда чыгыш-батыш багытында качкындардын агымына да дуушар болгонун айтты.

Түркиянын чек аралары НАТОнун да чек араларын түзөрүн билдирген Эрдоган: «Биз өзүбүздүн чек арабызды коргоп жатып НАТОнун чек арасын да коргоп жатабыз. Ар кайсы багыттардан жүргүзүлгөн күрөштө союздаштыктын духуна ылайык иш алып барылышын күтүп жатабыз. Ошондой эле саммит учурунда союздаштарыбыздан терроризм баш болгон өлкөбүзгө багытталган коркунучтарга каршы тилектештик көрсөтүшүн күтүп жатканыбызды билдиребиз. НАТОнун алдындагы сыноолорго карата ишенимдүү өнөктөш катары биз өтө маанилүү милдеттерди мойнубузга алдык жана алып жатабыз. 2030-жылга чейинки процессте Түркиянын НАТОдогу ролу дагы да чоң мааниге ээ болот деп ишенебиз»,-деди.

Президент Эрдоган билдирүүлөрүнүн уландысында төмөнкү сөздөрдү айтты: «Учурда өз милдетин толугу менен аткарган НАТО өлкөлөрүнүн бири - бул алдыңкы 5 мамлекеттин катарына кирген Түркия»-деп сереп салды.

АКШнын Ооганстандан чыгып кетүүгө даярдануусу жөнүндө болсо Эрдоган: «Ушул жерден кеткенден баштап бул процессти уланта турган жалгыз ишенимдүү өлкө Түркия экени белгилүү»,-деп айтты.

НАТОнун саммитинен кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен 15-16-июнь күндөрү Азербайжанга расмий иш сапары менен барарын билдирген Эрдоган: «Түркия-Азербайжан боордоштугу биздин аймактын тынчтыгынын, гүлдөп өнүгүүсүнүн жана туруктуулугунун кепилдиги»,-деди.

Президент Эрдоган пресс-конференциядан кийин Брюсселге жөнөп кетти. 



Тектеш кабарлар