Акар Ливиянын жооптуу аскердик кызматкерлери менен жолугушту

Акар Ливиянын Башкы штабынын башчысы, генерал Мухаммед Али Хаддад жана Триполи аскердик аймагынын командири, генерал-майор Абдулбасит Марван менен жолугушту.

1656894
Акар Ливиянын жооптуу аскердик кызматкерлери менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ливия сапарынын алкагында аскер кызматкерлери менен жолугушту.

Акар Ливиянын Башкы штабынын башчысы, генерал Мухаммед Али Хаддад жана Триполи аскердик аймагынын командири, генерал-майор Абдулбасит Марван менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Акар Ливиядагы Тапшырма тобу командиригинде кызматкерлер менен жолугушту.

Түркия менен Ливиянын ортосундагы жылдардан бери уланып келе жаткан достук карым - катнаштарын баса белгилеген Акар, Түркия Ливиянын биримдиги, бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн жасалышы керек болгон нерселерди жасай берерин айтты.

Козголоңчу Хафтардын Ливиядагы күнөөсүз адамдарга жасаган кол салууларын эске салган Акар, Хафтар тобу койгон жана оюнчуктарга дагы коюлган жардыргыч заттар көптөгөн жарандардын, алардын ичинде балдардын өлүмүнө себеп болгонун айтты.

Акар: «Ушул жардыргыч заттардын жана миналардын айынан буту-колунан айрылып, шейит болгон көптөгөн ливиялык боордошторубуз бар. Алардын айрымдары Түркияда, айрымдары ушул жерде дарыланууда. Биз бул азапты жана кайгыны ливиялык бир туугандарыбыз менен бөлүшүп, аны жеңилдетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз»,-деп айтты.

Акар, «Боордоштор катары, бир муштумдай, бир денедей болуп, биз Ливия менен алардын адилеттүү ишинде биргебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар