Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 75 киши көз жумду.

1656772
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 75 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 668 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 218 миң 758 тест жасалып, 503 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 76 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 5 миң 112 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 198 миң 57ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар